01:54, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Мас абалда унаа башкарып, тапанча көрсөткөн жигит милицияга өзү барды

На русском
17:09, 14 кулжа 2019 330

Баракелде -  Мас абалда унаа башкарып, өзүн милиция кызматкери деп тааныштырып, Улуттук гвардиянын аскер кызматкеринин күбөлүгүн көрсөткөн жигит табылды. Ал милицияга өзү бүгүн, 14-июнда саат 15:30 чамасында барганын Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал 1991-жылы туулган Ж.Т. экени аныкталды. Анын айтымында, 13-июнда саат 22:00 чамасында Аламүдүн районундагы Ала-Арча суу сактагычынын жанында белгисиз 4 эркек адам жана бир аял токтоткон. Алардан коркконунан аскер кызматкеринин күбөлүгүн көрсөтүп, оюнчук тапанча алып чыккан. Ал окуя болгон учурда мас абалда болгонун мойнуна алды.

«Ж.Т. эч качан укук коргоо органдарында иштебегенин айтып, өзүн милиция кызматкери деп тааныштырганы үчүн кечирим сурады. Ал 2016-2017-жылдары чындыгында Улуттук гвардияда кызмат өтөгөнүн тастыктады. Бирок кызмат өтөп бүткөндөн кийин күбөлүктү тапшырган эмес. Ал эми күбөлүктүн мөөнөтү 2018-жылы 31-декабрда бүткөн.

Учурда шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан аталган окуянын бардык жагдайын аныктоо боюнча кошумча иш-чаралар жүрүп жатат», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

--------------------------------------------------------------------------------

Буга чейин социалдык тармакка жол тандабастын айдоочусу өзүн милиция кызматкери деп тааныштырып, Улуттук гвардиянын аскер кызматкеринин күбөлүгүн көрсөтүп жаткандагы видео тараган.

Күбөлүктө Жеңишбек уулу Тынчтыкбектин аты жазылса, видеодогу адам өзүн Абдрахманов деп тааныштырган. Ал балык уулоого келгенин жана мас абалда унаа башкарып жүргөнүн мойнуна алган.

Ал эми Улуттук гвардиянын басма сөз кызматы: «Аталган адам биздин аскер кызматкерибиз эмес. Мындан тышкары старшиналарга табелдик курал берилбейт», - деп билдирген.

Кийинчерээк маалым болгондой, кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында Улуттук гвардиянын өздүк курамында аталган ысымдагы аскер кызматкери жок экени жана күбөлүк жасалма экени аныкталган

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком