09:59, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
Учурда окулуп жатат
19:45, бештин айы 07 2019 (22 адам окуп жатат)
Тоңдо өспүрүмдөр жөө жүрүшкө чыгышты
22:03, бештин айы 07 2019 (4 адам окуп жатат)
Баткендеги жол кырсык эки адамдын өмүрүн алды. Сүрөт

Дүйшөмбүдөгү саммитке кайсы өлкөнүн башчылары катышат?

На русском
17:01, 14 кулжа 2019 149

Баракелде -  Эртең, 15-июнда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Азия кызматташтык жана ишеним орнотуу кеңешмесинин саммити болот.

Аталган саммитке 10 өлкөнүн президенттери катышат. Алар: Кытай, Иран, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Бангладеш, Түркия, Шри-Ланка ошондой эле Афганистандын өкмөт башчысы.

Кечээ, 13-июнда Дүйшөмбү шаарына Бангладеш менен Шри-Ланканын президенттери барышты. Мындан тышкары саммитке катышуу үчүн Бахрейн, Вьетнам, Египет, Израил, Индия, Иордания, Ирак, Катар, Камбоджа, Түштүк Корея, Моңголии, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Палестина, Тайланд, Белоруссия, Индонезия, АКШ, Филиппины, Малайзия, Украина, Япония өлкөлөрүнүн делегациялары дагы барат.

Саммиттин негизги иш-чаралары «Кохи Навруз» сарайында өтөт. Саммитти 650 ашуун чет элдик жана жергиликтүү журналисттер чагылдырат.

Азия кызматташтык жана ишеним орнотуу кеңешмеси — Азиядагы тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн түзүлгөн эл аралык форум. Бул форум 27 өлкөнү бириктирет. Мындан тышкары 8 мамлекет жана 5 эл аралык уюм байкоочу макамына ээ.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком