22:15, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

ШКУ-2019: Жыйындын жыйынтыгы менен кол коюлган документтер

На русском
15:38, 14 кулжа 2019 (Жаңыланды: 19:40, кулжа 14 2019) 495

Баракелде -  Бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарында эл аралык маанилүү иш-чара болгон Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны өттү. Анын жыйынтыгы менен Бишкек декларациясына кол коюлду, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Ошондой эле төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин 2018-2023-жылдарга Баңгизатка каршы стратегиясынын аткарылышы боюнча программасынын пункттарын ишке ашыруу боюнча иш планын (2019-2020-ж.ж.) бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин региондорунун башчыларынын форумунун регламентин бекитүү жөнүндө чечим;

— ШКУга мүчө болгон мамлекеттердин санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтык концепциясын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин региондор ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын баяндамасын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу баяндамасын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин 2019-2021-жылдары айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу концепциясын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен дүйнөлүк туристтик уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен эл аралык «Астана» финансы борборунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

— Шанхай кызматташтык уюму менен БУУнун Тамак-аш жана айыл чарба уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

— «ШКУ-Афганистан» байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттеринин жол картасына кол коюу жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча маалымат билдирүү (кол коюусуз кабыл алынат).

Ошондой эле ШКУга мүчө болгон мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан кол коюлган документтер:

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин өкмөттөрү ортосундагы жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө келишим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары ортосундагы дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө келишим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин 2019-2021-жылдарга саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча негизги чаралар планы;

— Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы жана Дүйнөлүк туристтик уюмдун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы жана БУУ башкармалыгынын ортосундагы гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча өз-ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы жана эл аралык «Астана» финансылык борбору ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— «ШКУ-Афганистан» байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттеринин жол картасы.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком