05:59, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Коопсуз шаар»: Президенттердин кортежи өтүп баратканда камералар иштебейт

На русском
09:00, 14 кулжа 2019 103
«Безопасный город»
«Безопасный город»

Баракелде -  «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулган камералар Бишкектеги Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өтүп жаткан учурда да иштейт. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бирок аппараттык-программалык комплекстер саммитке катышуу үчүн Кыргызстанга келген өлкө башчылардын кортежи өтүп бара жаткан учурда иштебейт. Ал эми саммит бүгүн, 14-июнда өтөт.

--------------------------------------------------------------------------

Буга чейин айрым көчөлөрдө унаалардын кыймылына чектөө киргизиле турганы эскертилген болчу.

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары баштаган делегациялар Бишкек шаарына келгендигине байланыштуу айрым борбордук көчөлөрдө унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Буга чейин коомдук коопсуздукту 5 миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлдөй турганы айтылган.

12-июндан тарта 14-июнга чейин чектөө боло турган көчөлөр:

- «Манас» аэропортунан тарта Фучик көчөсү менен Жибек жолу проспектисине чейин;

- Жибек жолу проспектиси менен Жаш гвардия бульварына чейин;

- Жаш гвардия бульварынан Чүй проспектисине чейин;

- Чүйдөн Манас проспектисине чейин;

- Манас проспектиси жана Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Мамлекеттик резиденцияга чейин.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком