03:37, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

К.Токаев, Х.Баттулга, А.Лукашенко... Бишкектеги саммитке кайсы өлкөнүн лидерлери келишти? (сүрөт)

18:42, 13 кулжа 2019 191

Баракелде -  13-14-июнда Бишкек шаарында боло турчу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн коңшу өлкөлөрдүн президенттери жана премьер-министрлери Кыргызстанга келишти.

Алгачкылардан болуп кечээ, 12-июнда Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Бишкек шаарына келген. «Манас» эл аралык аэропортунда Моңголиянын президентин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алган.

Ошондой эле Халтмаагийн Баттулга Кыргызстанга Моңголиянын элчилигинин ачылышына катышты. Андан тышкар Моңголиянын президенти премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуялар учурунда курман болгондорду эскерип, гүлчамбар койду.

---------------------------------------------

Кечээ, 12-июнда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген. Төраганы президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алган.

Бүгүн, 13-июнда президент Сооронбай Жээнбеков «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы жолугушууда Кытай лидерине I даражадагы «Манас» орденин такты.

--------------------------------------------------

Бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Афганистандын президенти Мохаммад Ашраф Гани учуп келди. «Манас» эл аралык аэропортунда Афганистандын президентин вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.

--------------------------------------------------

Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди бүгүн, 13-июнда расмий сапары менен Кыргызстанга келди. Нарендра Модини «Манас» эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.

--------------------------------------------------

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 13-июнда расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди. Шавкат Мирзиёевду «Манас» эл аралык аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

--------------------------------------------------

Бүгүн, 13-июнда Бишкек шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышууга келген Касым-Жомарт Токаевди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

--------------------------------------------------

Бүгүн, 13-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Пакистан Республикасынын премьер-министри Имран Ханды вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.

--------------------------------------------------

Белоруссия Республикасынын президенти Александр Лукашенко бүгүн, 13-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. «Манас» эл аралык аэропортунан Белоруссиянын президентин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

--------------------------------------------------

Бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россиянын президенти Владимир Путин келди. «Манас» эл аралык аэропортунан Россиянын президентин президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

--------------------------------------------------

Бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ирандын президенти Хасан Рухани келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Хасан Руханини премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

--------------------------------------------------

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунан Тажикстандын президентин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком