04:01, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жардамга муктаж 575 жарандын ар бирине 3 миң сомдон битир-садага таратылды

На русском
18:15, 13 кулжа 2019 36
// Пресс-служба ДУМК

Баракелде -  Бүгүн, 13-июнда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Рамазан айында элден чогулган битир-садаганы жардамга муктаж 575 жаранга таратты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Рамазан айында жардам сурап арыз менен кайрылгандардын саны 575 адамды түздү. Мунун негизинде атайын түзүлгөн комиссиянын көзөмөлү менен колунда жок, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген ар бир жаранга 3 миң сом өлчөмүндөгү жардам чегерилип, жалпы суммасы 1 миллион 725 миң сом таратылды», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле чогултулган битир-садаганын 50 пайызы жергиликтүү мечиттерге, 15 пайызы облустук казыяттарга жана 20 пайызы муфтиятка бөлүнөт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком