10:03, 23 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча комиссия түзүлдү. Тизме

На русском
18:11, 13 кулжа 2019 254

Баракелде -  Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңеш мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу жана аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча атайын комиссия түздү. Сунушту 96 депутат колдосо, төртөө каршы болду. Ал эми жалпы 105 депутат катталган.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин добуштары боюнча мурунку президентти статусунан ажыратуу боюнча чечим кабыл алынат.

Депутат Асел Кодураңова (КСДП): «Кандай иш-аракет кылсак баарын мыйзам менен жасасак болмок… Мыйзамсыз чечим кабыл алсак ким жооп берет жана кандай жооп берет? Ошону унутпагыла», - деди.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбеков: «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын үчтөн биринин Кыргыз Республикасынын экс-президентин статусунан ажыратуу үчүн Кыргыз Республикасынын экс-президенти Атамбаевге каршы күнөө коюу жөнүндө демилгеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

Экинчи, Кыргыз Республикасынын экс-президентин статусунан ажыратуу үчүн Кыргыз Республикасынын экс-президенти Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу атайын комиссиясынын түзүлүүсү Жогорку Кеңешке сунушталсын», - деп окуп берди.

Алгач атайын комиссиянын курамына «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Мирлан Бакиров киргизилген. Бирок депутат А.Кодураңова регламент боюнча вице-спикер комиссиянын курамына кире албай турганын айтты.

Төрага «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан башка депутатты сунуштоо керектигин белгиледи. Депутат Исхак Масалиев Зиядин Жамалдиновду сунуштап, бирок ал иш сапарга чыгып кеткени белгилүү болду. Анын ордуна Алтынбек Жунус уулунун талапкерлиги сунушталып, колдоого алынды.

Комиссиянын курамы:

КСДП: Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембедиев.

«Республика—Ата Журт»: Нурлан Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов.

«Кыргызстан»: Канат Исаев, Алмазбек Токторов.

«Өнүгүү-Прогресс»: Алтынбек Жунус уулу.

«Бир бол»: Бактыбек Турусбеков.

«Ата Мекен»: Каныбек Иманалиев.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком