20:47, 25 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери жолугушту

На русском
17:13, 13 кулжа 2019 72
// Пресс-служба президента КР

Баракелде -  Бишкек шаарында президент Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев жолугушту. Өзбек лидери Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн бүгүн, 13-июнда келген. Аны «Манас» аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, президенттер эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди: соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара боюнча кызматташтыкты арттырууну талкуулашты.

С.Жээнбеков жана Ш.Мирзиёев мындан ары да эки тараптуу мамилелердин бардык багыттары боюнча кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдиришти.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком