20:51, 25 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео — «Акшыңдабай сүйлөңүз»: Төрага менен депутаттын кайым айтышы

На русском
17:11, 13 кулжа 2019 2586

Баракелде -  Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутаттар иштөө регламентин белгилей албай, талкууга алынды. Мыйзам долбоорлорго добуш берүү жана андан кийин талкууга өтүү же добуш бербей күн тартибиндеги башка маселелерди кароо боюнча сунуштар түштү.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Анвар Артыков (КСДП) анын ордуна добуш берип коюшканын билдирди. Бирок төрага Дастан Жумабеков каттоодон өткөн бардык депутаттар добуш берүүгө укуктуу экенин айтты.

Депутат: Дастанбек Артисбекович, сиздин тапшырмаңыз болсо керек, мага регламентти алып келишиптир, окуп берейин… Добуш берүү учурунда депутат отурум өтүп жаткан залдан чыгып кеткен учурда анын компьютери өчүрүлүп, кайра каттоо жарыяланат (орус тилинде окуп берди). Демек, мен залда жок болгондо менин «кнопкамды» бирөө баса алат деген норма жок бул жерде. Сиз өзүңүз жиберип жатасыз ушуну.

Төрага: - Ал добуш берүүлөрдүн алдында.

Депутат: - Жок мына.. Кайра окуп берейинби?

Төрага: - Добуш берүүгө өтөрдүн алдында. Добуш берип жатканда.

Депутат: - Ооба. Добуш бербедикпи, добуш берилиптир да.

Төрага: - Мыйзамдардын долбоорунда добуш берип жатканда ошондой болот, сиз айтып жаткандай. А тиги процедуралык маселе. Мындай жакшылап окуп алыңыз.

Депутат: - Дастан Артисбекович, окуганды мага үйрөтпөңүз. Мен окуганды аябай жакшы билем.

Төрага: - Жакшылап окуп алыңыз, анан акшыңдабай сүйлөңүз. Болду. Сиз отуруп туруңуз, сизге микрофон берилген жок. Отуруп туруңуз ордуңузга.

Микрофонду алган депутат Жогорку Кеңеш оюнчук эмес экенин айтып, бул жерде элдин маселеси чечилиши керектигин эскертти.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком