03:55, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео — Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон расмий иш сапары

На русском
16:36, 13 кулжа 2019 33

Баракелде -  Бүгүн, 13-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков менен Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Делегация менен салтанаттуу жолугушуу өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилген.

Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзиньпин ардактуу кароолду кыдырып чыгып, расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Ошондой эле мамлекет башчыларынын астында ардактуу кароол ротасынын салтанаттуу жүрүшү өттү.

Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө багытталган эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком