11:37, 24 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Моңголия Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү каалайт

На русском
15:21, 13 кулжа 2019 (Жаңыланды: 15:57, кулжа 13 2019) 271

Баракелде -  Моңголия өлкөсү Кыргызстан менен көчмөн маданиятты өнүктүрүү багытында кызматташууга даяр. Бул тууралуу Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга 12-июнда президент Сооронбай Жээнбеков менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жолугушканда айтты.

Ал 2018-жылы уюштурулган III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Моңголиядан чоң делегация катышканын кошумчалады.

С.Жээнбековго кайрылган Моңголиянын президенти: «Дүйнөдөгү көчмөн элдердин 5-фестивалын Моңголияда өткөрүүгө укук алууну каалайбыз. Сизден көмөк көрсөтүүнү суранам», - деди.

IV Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Түркия мамлекети алган болчу.

-----------------------------------------------------

Эки президенттин Бишкек шаарындагы жолугушуусунда кол коюлган документтер:

- Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Моңголиянын өкмөтүнүн ортосундагы терроризм менен күрөшүүдө кызматташуу жөнүндөгү макулдашуу;

- Өкмөттөр ортосундагы аскерий жаатта кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Моңголиянын улуттук коопсуздук катчылыгынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө протокол;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Моңголиянын Билим берүү, маданият, спорт жана илим министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Моңголиянын Айлана-чөйрө жана туризм министрлиги ортосундагы туризм жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен Моңголиянын интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун ортосундагы интеллектуалдык менчикке жана салттуу билимдерге укукту коргоо жаатында кызматташуу тууралуу макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу менен Моңголиянын Увс аймагынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жөнүндө меморандум;

- Мамлекеттик каттоо кызматы менен Моңголиянын Башкы архив башкармалыгынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясы менен Моңголиянын Илимдер академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком