19:42, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жергиликтүү кеңештердеги 4 депутаттын ыйгарым укуктары токтотулду (тизме)

На русском
21:26, 13 кулжа 2019 133

Баракелде -  Өзгөн, Ысык-Көл жана Сузак аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана депутаттык бош мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттын ыйгарым укуктарын аткарууга айкалышпаган кызматка дайындалганына байланыштуу Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты М. Халматов өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мандат шайланган депутаттардан кийинки талапкер М. Купахуновага өткөрүп берилди.

Өз каалоолору менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотекондор:

Ысык-Көл облусу

- Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айылдык кеңешинин депутаты М. Жумабаев. Мандат шайланган депутаттардан кийинки талапкер Г.Натаровага өткөрүлүп берилди;

- Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айылдык кеңешинин депутаты А.Эсеналиев. Мандат шайланган депутаттардан кийинки талапкер К.Уметовго өткөрүлүп берилди;

Жалал-Абад облусу

- Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты К.Жээнкулов. Мандат шайланган депутаттардан кийинки талапкер Э.Халбаевге өткөрүлүп берилди;

Өз каалоолору менен жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылгандар:

Ысык-Көл облусу

- талапкер Т.Искаков (Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айылдык кеңеши);

- талапкер М.Еришев (Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айылдык кеңеши);

Ош облусу

- талапкер Д.Узакбаева (Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши).

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком