05:56, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Милиционерлер уурдалган 580 миң сомду мойнуна алдыруу үчүн 22 жаштагы жигитти кыйнаган (сүрөт)

На русском
11:40, 13 кулжа 2019 361

Баракелде -  Октябрь РИИБдин төрт кызматкери уурдалган 580 миң сомду мойнуна алдыруу үчүн 22 жаштагы жигитти кыйнаган. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Аталган борборго Ош облусунун 1997-жылы туулган Х.И. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымы боюнча, 30-майда Октябрь РИИБдин кызматкерлери кылмышты (уурулук жана өрт коюу) мойнуна алдыруу максатында кармалган жигиттин башына баштык кийгизип тумчуктурган. Ошондой эле башына, бөйрөгүнө, кабыргасына, далысына, белине, көкүрөгүнө жаракат келтиришкен. Кармалган жигит кылмышты жасабагандыгын айткан. Бирок кыйноону токтотуу үчүн кылмышты мойнуна алууга макул болгон.

«Жабырлануучу билдиргендей, цехте ширетүүчү болуп иштеп, күнүнө 1000-1500 сомдон акча табат. Мындай жакшы маяна алып жаткандыктан, акча уурдоого муктаж эмес болчу. Кылмыш иши жабырлануучу кармалганга чейин болду. Ага уурдалган 580 миң сом акча боюнча күнөө коюлуп жатат. Кыйноого дуушар болгон жигиттин айтымында, цехтин жанындагы видеокамерага жазылган видеокадрлар кылмыш болгон күнү анын жумушта болгонун тастыктап берет. Ал жигиттин божомолу боюнча, аны буга чейин соттолгону үчүн кармашкан», - деди Сулайманов.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери менен медициналык эксперттер тарабынан кыйноонун зыяны сүрөткө тартылып алынган.

Н.Сулайманов билдиргендей, жабырлануучу жигит өмүрү жана ден соолугу үчүн коркуп жатат. Анткени убактылуу кармоочу жайга алынган күндүн эртеси кайра аны милиция кызматкерлери чакырышкан.

1-июнда Х.И. прокуратурага арызданмак. Бирок анын айтымына караганда, эки кызматкер аны Октябрь РИИБге алып барышкан. Ал жерден аны коркутуп, тепкилешкен.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком