00:06, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Президент Х.Баттулга Моңголиядагы этникалык кыргыздардын жашоосун иликтөө сунушун колдойт

На русском
20:03, 12 кулжа 2019 87

Баракелде -  Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Дастанбек Жумабеков эки өлкө ортосундагы саясий байланыштар акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтык жакшы жолго коюлганын кошумчалады. Ал эми Халтмаагийн Баттулганын Кыргызстандагы расмий иш сапары кыргыз-моңгол алакасын арттырууга көмөкчү болуп, мамилелердин жемиштүү уланышын шарттайт деп ишенерин билдирди.

Эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүдө саясий эрк менен тынымсыз аракеттин мааниси жогору экенин айткан Дастанбек Жумабеков Бишкекте Моңголиянын элчилигинин ачылышы жана ШКУга байкоочу катары катышып жатышы байланыштарды дагы да бекемдөөгө өбөлгө болорун баса белгиледи.

«Биздин өлкө Моңголиядагы саясий-демократиялык жараяндарга тыкыр байкоо салып келет. Айрыкча, биз Сиздин катышууңузда моңгол коомчулугунда олуттуу өзгөрүүлөр болгонуна күбө болдук», - деди Дастанбек Жумабеков.

Андан тышкары Кыргызстан да ачык коомду жана парламентаризмди өнүктүрүүгө багыт алган мамлекет экенин айткан төрага: «Моңголия парламентаризмди жана демократияны өнүктүрүү жаатында алгылыктуу натыйжаларга жетишти. Биз кыргыз-моңгол парламенттер аралык байланышын жигердүү улантууну колдойбуз. Акыркы жылдары эки тараптуу иш сапарлар уюштурулуп, парламентаризмди өнүктүрүүгө багытталган тажрыйба алмашуулар байма-бай өткөрүлүп баштады», - деди.

Муну менен катар төрага парламенттеги депутаттык достук топторунун да ишин жандантуу менен мамлекеттер аралык кызматташтыктын келечегине керектүү кадамдарды жасоо зарылчылыгына токтолду.

Ал эми Моңголиянын Баян-Улгий аймагында эки-үч миңдин терегинде этникалык кыргыз жашарын, бирок алардын жашоо-турмушу жакшы иликтенбегендигин айткан Дастанбек Жумабеков бул жаатта изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн тартуу менен маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого биргелешип аракет көрүү керектигин кошумчалады. Ошондой эле экономикалык кызматташтык маселесине да токтолгон төрага Кыргызстандын инвестициялык саясаты өнүгүп жатканын белгилеп, моңгол инвесторлорун кызматташууга чакырып өттү.

Өз кезегинде Халтмаагийн Баттулга жылуу кабыл алгандыгы үчүн Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, мындай иш сапарлар эки тараптуу байланыштарды арттырарын билдирди. Жигердүү алакалардын арты менен мамлекеттер аралык кызматташтык жакшырып жатканын айткан Халтмаагийн Баттулга эки өлкөнү байланыштырган окшоштуктар арбын экенин белгилеп өттү. Алсак, Моңголия да парламенттик өлкө катары демократия эгемендүүлүгүнүн негизи экенин жактап келет.

Мындан сырткары Халтмаагийн Баттулга президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусунда да байланыштардын келечегине тиешелүү маселелерди кеңири талкуулаганын маалымдап, Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясын Моңголияга чакырды.

Ал эми Моңголияда жашаган этникалык кыргыздардын жашоо-турмушун иликтөө тууралуу сунушту өзү да колдой тургандыгын айткан президент Халтмаагийн Баттулга кыргыз спортчулары Олимпиада оюндары үчүн Моңголияда машыгууга болорун кошумчалап өттү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком