03:56, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

С.Жээнбеков: Кыргызстан темир жол тармагын модернизациялоодо Моңголиянын тажрыйбасына кызыкдар

19:25, 12 кулжа 2019 32
Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Баракелде -  Кыргызстан трансулуттук темир жолун куруу жана темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча Моңголиянын тажрыйбасы менен таанышууга кызыкдар, деп белгиледи президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12- июнда Моңголия президенти Халтмаагийн Баттулганын менен болгон жолугушууда.

Моңголия президентинин темир жол курулушу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндөгү сунушка жооп катары Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө Кытай—Кыргызстан —Өзбекстан темир жол курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди. Мамлекет башчысы Кыргызстан темир жол тармагын кеңейтүү жана модернизациялоо боюнча моңгол тажрыйбасына кызыкдар экенин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ата мекендик, анын ичинде Транспорт жана жолдор министрлигинин адистерин Моңголияга жөнөтүп, аталган багытта тажрыйба үйрөнүүнү сунуштады.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком