17:29, 15 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Имамдар никени атайын журналга каттап баштайт

На русском
17:44, 12 кулжа 2019 189
// Пресс-служба ДУМК

Баракелде -  Бүгүн, 12-июнда муфтий Максатбек ажы Токтомушев борбордук мечитте Бишкек шаары жана Чүй облусундагы имамдарга нике каттоо журналын тааныштырды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Никени каттоо үчүн дин кызматкерлери жарандардын никеге тиешелүү болгон өздүк документтерин (паспортторун) талап кылат.

«Журнал юридикалык күчкө ээ болуп эсептелбейт, бирок шарияттын бардык талаптарына жооп берет. Шарияттын негизинде кыйылган нике Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын нике каттоо журналына катталат», - деп айтылат маалыматта.

Никени каттаган дин кызматкерлери жана имамдар үч ай сайын райондук башкы имамдарга отчет тапшырышса, ал эми райондун башкы имамдары облустук казыяттарга, облустук казыяттар муфтиятка нике тууралуу отчет берип турушат.

Журнал 3 миң нуска менен басылып чыкты. Ал эми 12-июндан 3-июлга чейин Кыргызстандын бардык аймактарындагы имамдарга окутуу иштери жүргүзүлүп, тапшырылат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком