16:34, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Депутат министрдин орун басарына: Жогорку Кеңешке куралчан адам келсе, курал колдоносуңарбы?

На русском
17:24, 12 кулжа 2019 429
Ак үй
Ак үй
// АКИpress

Баракелде -  Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүп жатат. Анын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда кароого киргизилди. Баяндамачы — ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов.

Депутат Исхак Масалиев («Өнүгүү — Прогресс»): - Эртең Жогорку Кеңештин имаратына миң адам келип, арасында бирөө курал менен болсо, силер куралды колдоносуңарбы?

Курсан Асанов: - Мыйзам боюнча айтканда колдонсо болот.

Депутат: - Жок, колдонгонго милдеттүү.

Курсан Асанов: - Милдеттүү, себеби мыйзамда ошондой жазылган, бардыгы.

Депутат: - Демек, мыйзамды так аткарасыңар, туурабы?

Курсан Асанов: - Биз ошон үчүн форма кийип жүрөбүз. Бардыгын караш керек.

Депутат: - Рахмат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком