11:43, 24 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Фоторепортаж — Сооронбай Жээнбеков менен Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий жолугушуусу

На русском
16:40, 12 кулжа 2019 107

Баракелде -  Бүгүн, 12-июнда Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий иш сапарынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков менен расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында чет элдик мамлекеттердин башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Моңголиянын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилген.

Кеңири курамдагы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду.

Президенттин басма сөз кызматынын сүрөттөрү:

Халтмаагийн Баттулга ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына да катышат. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Моңголиянын президентинин катышуусу менен Моңголиянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышы болот.

Президенттин басма сөз кызматынын сүрөттөрү:

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком