00:04, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Президент Х.Баттулга Сооронбай Жээнбековду Моңголияга чакырды

На русском
16:38, 12 кулжа 2019 52

Баракелде -  Моңголиянин президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда кеңири курамдагы эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбековду Моңголияга расмий визит менен барууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Халтмаагийн Баттулга белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлде өнүктүрүү боюнча активдүү чаралар көрүлүүдө. Ал жолугушуулардын активдешкенин жана Кыргызстан менен Моңголия ортосундагы сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлге чыкканын канааттануу менен баса белгиледи.

«Саясий мамилелердин өнүгүүсү башка чөйрөдөгү өнүгүүгө дагы жагымдуу таасирин тийгизет. Биринчи кезекте биз соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани беришибиз керек», - деди ал.

Моңгол президенти айыл чарба, ветеринария, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө, темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, финансы жана башка тармактарда кызматташтыкты активдештирүү жана тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары Халтмаагийн Баттулга туризм чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү, Ысык-Көл жана Хяргас-Нуур көлүнө биргелешкен маршрутту иштеп чыгууну сунуштады.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком