11:01, 16 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео: Эмне үчүн биз чимкирик болушубуз керек?, - төрага

На русском
15:45, 12 кулжа 2019 914

Баракелде -  Парламенттин бүгүн, 12-июндагы отурумунда эл өкүлдөрү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин депутаттар тууралуу айткан сөзүнө жооп кайтарышты. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков да билдирүүсүн жарыялады.

Д.Жумабековдун жообу:

«2017-жылдан бери, айрыкча 2018-жылы мамлекетибизде ар кандай саясий оюндар күчөдү. Буга бардыгыңыздар күбөсүздөр. Бирок биздин, жалпы парламенттин депутаттарынын оюн элге кайрылып айта кетейин. Сиздер ишенип шайлаган 120 депутаттын же бул жерде отурган 6 фракция, партиянын ою — бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетине таза кызмат кылуу. Өнүккөн өлкөгө кошуу аракетинде күрөшүп келдик. Ошого жараша өкмөт сунуштаган, билимдүү-илимдүү депутаттар сунуштаган мыйзамдарды кабыл алып, анын иштешине көзөмөл кылып келдик. Муну эч ким талаша албайт.

Биз, анын ичинде ар кандай саясий чечимдерди, токтомдорду кабыл алып, мамлекетке кыянаттык кылган чиновниктердин ордун көрсөттүк.

2 ай мурун экс-президентке кайрылуу жасагам. Эмне себептен бизди чимкирик деп атаганына жооп бергем. Бирок экс-президентибиз Атамбаев түшүнбөсө керек. Мен анда токтолуп кетейин: биз кандай кадамдарга барганбыз. Ооба, биз тийиштүү кредиттерди, гранттарды мамлекет үчүн иштейт дегенде, өкмөт алып келгенде бул жерден колдоп беребиз. Анткени бардыгыбыздын тилегибиз мамлекет өнүксүн деген ой менен. Бирок анын иштелишине, желишине биздин кандай тиешебиз бар? Аны аткаруу бийлиги, ошол убакта көзөмөл кылган адамдардын жүзү билинбедиби. Биз ошону ачпадыкпы. Ошол чечимдин негизинде экс-премьер-министрлер камалбадыбы. Бүгүн сот иши жүрүп жатат. Канча деген министрлер суралып жатат. Эмне үчүн биз элдин алдында чимкирик болушубуз керек?

А, эмне үчүн ошол кишилерге болушкан киши бүгүнкү күндө мамлекеттин, элдин алдында таза болушу керек? Кыргыз эли ушуну түшүнүп коюшу керек. Урматтуу депутаттар, сиздер да ушуну түшүнүп коюшуңар керек. Биз ага жол бербейбиз. Ким мамлекеттин казынасына кол салып, чыккынчылык кылса, элдин казынасына, байлыгына кол салынган болсо бүгүнкү күндө да, эртең да, эл берген убактыбызга чейин ушул иштер менен күрөшөбүз, чечимдерди кабыл алабыз.

Кечээ да сегизинде экс-президент дагы айтып чыкты: "Депутаттар мындай, төрага баш болуп бөжөңдөп Матраимовдордун тоюна барат"...

Анда мен токтолуп кетейин: Алмазбек Шаршенович, ал той быйыл эле өткөн жок, ал тойго быйыл эле төрага, депутаттардын тобу барып калган жок. Сиз архивге айланып карап коюңуз. Сиздин убагыңызда сиздин эң жакын адамыңыз, советнигиңиз (кеңешчи) ошол тойдо жүргөн. Сиздин убагыңызда президент болуп жүргөндө премьер-министр ошол тойдо жүргөн. Ошол убакта Сизге жакын депутаттар ошол тойдо жүргөн. Мен ойлойм, алар да элди сыйлап, элге кызмат кылган үй-бүлөнү сыйлап, ошол тойдо жакшы сөздөрдү айтты. Мен ага эч кандай комментарий бере албайм...», - деди төрага.

Төраганын сүйлөгөн сөзү толугу менен видеодо:

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком