20:54, 25 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Аида Салянова менен бир камерада отурган кош бойлуу келин телефон уурдаган

На русском
15:32, 12 кулжа 2019 3892
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Акыйкатчы Токон Мамытов бүгүн, 12-июнда №1 убактылуу кармоочу абакка барды. Ал мурунку прокурор Аида Салянова менен бир камерада отурган келин менен маектешкенин акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Б.С. аттуу келин буга чейин акыйкатчыга арыз менен кайрылып, Свердлов районунун тергөө кызматынын тергөөчүсү жана райондук соттун судьясынын иш-аракеттерине даттанган эле.

«Арыз ээси эски телефонду алганы үчүн кармалганын, ал телефонду өз ээсине кайтарып бергенин, бул тууралуу тил каты бар экенин маалымдады. Ошондой эле арыз ээсинин 1 жаш 2 айлык баласы бар. Ошондой эле ал 3 айлык кош бойлуу экенин да айтты.

Акыйкатчынын пикиринде, бул иш боюнча Свердлов райондук сотунун судьясы Ж.Сабырова Б.С.ны 1 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга камоо баш коргоо чарасын тандаган. Судья анын кош бойлуулугун, жаш баласы бардыгын жана телефондун наркы 10 миң сомго жетпегенин эске алган эмес. Бул кылмыш катары эмес Жорук кодекси боюнча каралышы керек эле.

Мындан сырткары Б.С. арызын кароодо Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына барып, Б.С. мыйзамда белгиленген мөөнөттөн ашыкча кармалып турганын (2019-жылдын 31-майынан 8-июнга чейин) аныкташкан. Бул арыз боюнча Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасына тиешелүү кайрылуу жолдошкон», - деп айтылат маалыматта.

-------------------------------------------------------

Мурунку башкы прокурор Аида Салянова убактылуу кармоочу жайда адам өлтүрүүгө айыпталган кыз менен отурганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда АКИpress агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирген.

Түзүмдүн маалыматында: «Камерада Аида Салянова менен алдамчылыкка шектелген 1992-жылы туулган кыз отурат. Ал 7-майдан бери камакта. Кыз адам өлтүрүүгө айыпталып жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт», - деп айтылат.

ЖАМК СИЗО-1 мекемесинде А.Салянованын өмүрүнө коркунуч келбегенин кошумчалады.

-------------------------------------------------------

А.Салянова 4-июнга караган түнү Бишкек ШИИБге 48 саатка убактылуу киргизилген. Анын камалышы «мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу.

5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурунку башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын тандаган. Соттун чечими менен ал СИЗО-1 мекемесине 26-июнга чейин камалган болчу.

Ал эми бүгүн, 12-июнда Аида Салянова №1 убактылуу кармоочу жайда калтырылганын жактоочу Рабига Сыдыкова билдирди.

«Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун сот чечимин негиздүү деп эсептеди. Аида Салянова ден соолугуна байланыштуу сотко келе алган жок. Соттун чечимине даттанууга укугубуз жок. Анткени ушундай чечимди кабыл алышты», - деген ал.

Ошондой эле жактоочу А.Салянова дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканын билдирген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком