06:18, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Эгиз уулдары, аял жан сакчы… Жумушка жөө барган моңгол президенти тууралуу кызыктар (сүрөт)

На русском
15:12, 12 кулжа 2019 1172

Баракелде -  Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда расмий сапары менен Бишкек шаарына келди. Аны алгач премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Манас» аэропортунан тосуп алган. Андан кийин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алды.

АКИpress агенттигинин «Кто есть кто» долбоору моңгол президенти Халтмаагийн Баттулга тууралуу кызыктуу маалыматтарды топтогон.

Халтмаагийн Баттулга тууралуу 7 факт:

1. Халтмаагийн Баттулга президенттик кызматка 2017-жылдын июль айында келген. Ал мамлекеттик резиденцияда жашоодон баш тартып, дүйнөлүк коомчулукту таң калтырган. Өлкө башчы анча чоң эмес үйдө жашап, жумушка жөө барат.

_96854040_gettyimages-810547996

2. 1989-жылы Баттулга самбо боюнча дүйнө чемпиону болгон. Ал спорттук карьерасын токтотуп, бизнеске, андан кийин саясатка кеткенине карабай, азыркыга чейин спорт менен активдүү машыгат. 2006-жылдан бери Моңголиянын Дзюдо федерациясын жетектеп келет, «Моңголиянын эмгек сиңирген спортчусу» наамын алган.

8380813661c58d616dfa05d5a1602ca2_500_0_0

3. Анын дене түзүлүшү дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында талкууга алынды. Аны «Супер баатыр» жана эң булчуңдуу лидер деп аташат.

4. Баттулганын аял жан сакчысы бар.

85e5298332fece9e279b7c6acbdae013

5. Бир нече жыл мурун социалдык тармакка Моңголиянын президентинин кортежи жөө адамдарды өткөрүү үчүн токтогондо тартылган сүрөт тараган.

4d95c472afeee04_700x0

6. Баттулга эки жолу үйлөнгөн. Биринчи жубайы — Ц.Энхтуяа 2018-жылы январь айында «Жарандык эрк — жашылдар» (ИЗНН же Иргэний Зориг Ногоон Нам) партиясынын жетекчиси болгон.

1428450.1.1517206285

Ал эми учурдагы жубайы Анжелика Даваиннын ата-теги орус улутунан. Булактардын маалыматы боюнча, ал Россиянын жараны эмес, Моңголиянын Хэнтий аймагында төрөлгөн. Жубайлардын эгиз уулдары бар.

1df68e35ac6897cb70df03fe4a247384

7. Баттулганын Намуун аттуу кызы бар. Моңголиядагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, шайлоо кампаниясынын алкагында ал дайыма атасы менен жүрдү. Добуш берүү үчүн шайлоо тилкесине да атасы менен чогуу барган. Ошондуктан аны моңголиялык Иванка Трамп деп аташат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком