16:23, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Аксыдагы 5 калктуу конушка айыл макамын берүү үчүн 70 миӊ сом талап кылынат

20:06, 12 кулжа 2019 92
Аксыйский район
Аксыйский район

Баракелде -  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, калк отурукташкан, бирок расмий түрдө айыл болуп эсептелбеген калктуу конуштардын саны жүз элүүдөн ашык. Мисалы, Тосту калктуу конушундагы 499 кожолукта 1763 киши, Туюк-Жар калктуу конушундагы 383 кожолукта 1511 киши, Өлөң-Булак калктуу конушундагы 291 кожолукта 1404 киши, Кара-Башат калктуу конушундагы 488 кожолукта 1837 киши, Чарбак калктуу конушундагы 276 кожолукта 859 адам жашайт.

Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча мекемелер аралык комиссиясы аларга айыл макамын берүү сунушун берген. Ал үчүн 70 миӊ сом талап кылынат жана бул каражат демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланууга тийиш. Андан тышкары, жаңы түзүлгөн 5 айылдын башчыларына жергиликтүү бюджеттен жылына 420 миӊ сом жумшала турганы белгилүү болду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком