16:32, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: Өкмөт башчы М.Абылгазиев менен моңгол президенти «Ата-Бейитке» барышты

На русском
13:50, 12 кулжа 2019 116

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана өлкөгө расмий сапары менен келген Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Моңголиянын президенти премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуялар учурунда курман болгондорду эскерип, гүлчамбар койду.

--------------------------------------------------------

Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда расмий сапары менен Бишкек шаарына келген.

«Манас» эл аралык аэропортунда Моңголиянын президентин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алган. Халтмаагийн Баттулга президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Эки мамлекет башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюулары күтүлүүдө.

Халтмаагийн Баттулга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына да катышат. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.

Моңголиянын президентинин катышуусунда Моңголиянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышы өтөт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком