18:07, 23 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Салам, аскер!»: Моңгол президенти ардактуу кароол менен кыргызча учурашты

На русском
13:31, 12 кулжа 2019 1055

Баракелде -  Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда расмий сапары менен Бишкек шаарына келди. Аны «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Эки өлкөнүн гимндери жаңыргандан кийин Халтмаагийн Баттулга Улуттук гвардиянын ардактуу кароолу менен «Салам, аскер!» деп кыргыз тилинде учурашты. Ардактуу кароол да президент менен учурашты.

Учурда мамлекеттик резиденцияда кеңири курамда жолугушуу өтүп жатат.

Буга чейин Россиянын президенти да Кыргызстандагы иш сапарында ардактуу кароол менен кыргызча учурашкан болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком