06:01, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Касым-Жомарт Токаев расмий түрдө президенттик кызматка киришти

На русском
12:50, 12 кулжа 2019 102

Баракелде -  Жаңы шайланган президент Касым-Жомарт Токаевдин ант берүү аземи Нур-Султан шаарында өттү. Касым-Жомарт Токаев Казакстандын Конституциясына колун коюп, казак элине ант берди.

«Казакстандын элине ишенимдүү кызмат кылууга, жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыздоого, Казакстандын Конституциясы менен мыйзамын сактоого, мага коюлган президенттик милдеттерди ак ниет менен аткарууга салтанаттуу түрдө ант берем», - деди Токаев.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Берик Имашев Казакстандын президентинин күбөлүгүн Касым-Жомарт Токаевге тапшырды.

«Шайлоого бардык саясий күчтөрдүн өкүлдөрү катышты. Шайлоо — катышуучулардын пикири жеңе турган мелдеш. Чындыгында, бул адилеттүү пикир. Маанилүү саясий атаандаштыкта биздин элдин акылмандыгы жеңди. Ошондуктан бул жеңиш — элдин жеңиши», - деди Касым-Жомарт Токаев.

Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясына чет элдик коноктор чакыртылган эмес. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияровдун айтымында, инаугурация аземине аккредиттөөдөн өткөн дипломаттык корпус чакыртылган.

10-июнда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялаган. Анда Касым-Жомарт Токаев 70,96% добуш топтогону айтылат.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком