10:01, 22 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
Учурда окулуп жатат
14:33, жетинин айы 21 2019 (3 адам окуп жатат)
Ошто айдоочу жаш жубайынын колунан ажал тапты

Аида Салянова адам өлтүрүүгө айыпталган кыз менен бир камерада отурабы?

На русском
12:47, 12 кулжа 2019 907

Баракелде -  Мурунку башкы прокурор Аида Салянова убактылуу кармоочу жайда адам өлтүрүүгө айыпталган кыз менен отурганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда АКИpress агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматында: «Камерада Аида Салянова менен алдамчылыкка шектелген 1992-жылы туулган кыз отурат. Ал 7-майдан бери камакта. Кыз адам өлтүрүүгө айыпталып жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт», - деп айтылат.

ЖАМК СИЗО-1 мекемесинде А.Салянованын өмүрүнө коркунуч келбегенин кошумчалады.

-------------------------------------------------------

А.Салянова 4-июнга караган түнү Бишкек ШИИБге 48 саатка убактылуу киргизилген. Анын камалышы «мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу.

5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурунку башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын тандаган. Соттун чечими менен ал СИЗО-1 мекемесине 26-июнга чейин камалган болчу.

Ал эми бүгүн, 12-июнда Аида Салянова №1 убактылуу кармоочу жайда калтырылганын жактоочу Рабига Сыдыкова билдирди.

«Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун сот чечимин негиздүү деп эсептеди. Аида Салянова ден соолугуна байланыштуу сотко келе алган жок. Соттун чечимине даттанууга укугубуз жок. Анткени ушундай чечимди кабыл алышты», - деген ал.

Ошондой эле жактоочу А.Салянова дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканын билдирген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком