03:12, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Депутат Канат Исаев экс-президент А.Атамбаевге жооп кайтарды

На русском
12:30, 12 кулжа 2019 269
Канат Исаев
Канат Исаев

Баракелде -  Жогорку Кеңештин бүгүн, 12-июндагы отурумунда депутаттар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин депутаттардын дарегине карата айткан сөздөрүнө байланыштуу пикирлерин айтышты. Эл өкүлү Канат Исаевдин айтымында, А.Атамбаев 3-ирет парламенттин кадыр-баркына шек келтирип жатат.

«Сөз алып чыгууга аргасыз болдум. Анткени 8-июнда форумдун (Медиа-форумдун алдында уюштурулган "Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн" деген аталыштагы митингде) алдында сүйлөгөн сөзүндө мурунку президент Атамбаев 3-ирет парламентти мазактап, аброюна шек келтирди. Жооп берүүнү туура көрдүм», - деди К.Исаев.

Эки сөзүнүн бири курулай калп деген К.Исаев мисал келтирди.

«Мен дагы жөн гана сөз кылбай, фактылар менен далилдеп кетсем. Сөзүндө айтып жатат: "Мен бийликке келгенде 2010-жылы мугалимдердин айлыгы, медиктердин айлыгы, милиция кызматкерлеринин айлыктары 2 миң сомдон болчу" дейт. Азыр милициянын айлыктары 15 миң сомго жеткен. Чек ара кызматкерлеринин айлыктары да 2 миң сом болчу деп андан мурунку сөзүндө айтты эле. Атайлап Билим берүү министрлигине (Билим берүү жана илим министрлиги), Ички иштер министрлигине, Чек ара кызматына кайрылуу жөнөттүм: 2010-жылы жана бүгүнкү күндө айлыктары кандай экен деп.

Чек ара кызматыныкы: 2010-жылы офицерлер 12 миң 700 сом алчу. Бүгүнкү күндө 18 миң сом алат. Демек, өсүш 30%дын тегерегинде болгон. Билим берүү тармагында оклад өскөнү менен категорияны, эмгек стажын алып койгондон кийин ашып кетсе 20%-25% гана өстү. Милиция кызматкерлери да жок дегенде 2010-жылы 4-4,5 миң сом алчу. Бүгүнкү күндө төмөнкү айлыктары 6-7 миң сом. Демек, бул жалган маалымат», - деди К.Исаев.

Ошондой эле мультимиллионер тууралуу айтылган сөзгө да жооп айтты.

«Эки сөзүнүн бири эле "мультимиллионер болчумун" дейт. Мультимиллионер болсо 2010-жылы биздин кесиптешибизден 700-800 миң сом карызга алып, эмне үчүн шайлоого катышат?

2011-жылы башка кесиптешибизден президенттик шайлоого 500 миң алды деп жалпы элибизге маалымат тарады. 500 миң доллар алган, кайра кайтарып берди деп. Өзү дагы айтып жатат, кесиптешибиз да айтып жүрөт. Эгерде чын эле мультимиллионер болсо башкалардан карыз алып эмне кажети бар?», - деди К.Исаев.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком