03:10, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

А.Атамбаев тынч эле отурса жакшы болмок, - депутат

На русском
12:18, 12 кулжа 2019 567
Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

Баракелде -  Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму башталды. Анын жүрүшүндө депутат Иса Өмүркулов мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү боюнча пикирин билдирди.

Эл өкүлү: «Бүгүн ушул трибунадан мамлекетте болуп жаткан ар кандай экономикалык, социалдык маселелерди чечүү боюнча, бүгүнкү чечиле турган, кабыл алына турган мыйзамдар тууралуу кеп кылсак жакшы болот эле. Убактыбызды экс-президенттин сүйлөгөнүнө коротуп жатабыз. Бир гана депутаттардын эмес, мыйзамдуу шайланган президенттин, элдин, партиялаштарыма, парламенттеги фракциянын дарегине айткан сөздөрүнө унчукпай калууга мүмкүнчүлүк берген жок…

Бүгүн бир фракцияда митингдерде чогуу жүргөн адамдар менен касташып жатабыз. Фракциянын ичине бүлүк салды. Мөөнөтү бүткөндөн кийин тынч эле отурса жакшы болот эле. Бирок баягыдай таасир бере албай, мамлекеттеги процесстерден четте калгандай, аралашып, мындайча айтканда өзүнүн жеке позициясын, эгоисттик көз карашын таңуулап жатканын көрүп жатабыз…

Бүгүнкү кырдаалга байланыштуу камалган, коррупцияга аралашкан жетекчилердин баарын тең көрүп турабыз. Бул боюнча депутаттык комиссия иштеди. Анын баары баарыбызга маалым болду. Ошонун негизинде иш козголду, тергөө жүрүп жатат. Аныкталып, элге толук маалымат берилет деп ойлойм», - деди.

Депутат Башкы прокуратуранын позициясын түшүнбөй жатканын айтты.

«Башкы прокурор президентти бирөө кемсинтсе ага иш козгочу. Башкы прокуратуранын позициясын түшүнбөйм. Эмне үчүн унчукпайт, эмне үчүн реакция бербейт?…

Урматтуу биздин спикер — Дастанбек Артисбекович, сиз дагы эмне үчүн унчукпай отурасыз? Бул да түшүнүксүз. Эмне үчүн реакция бербейсиз? Депутаттарга кемсинтүү болуп жатса эмне үчүн жооп бербейсиз? Сиз да бүгүнкү күндө мамлекетте орчундуу кызматты ээлейсиз. Сиздин да ордуңуз бар. Сизди шайлаган 120 депутат бар. Ошон үчүн ушундай маселелерге сиз да реакция кылыңыз. Буга баа бербесек болбойт», - деди И.Өмүркулов.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком