21:48, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Алмата—Бишкек жолундагы кырсыктан 11 адам жабыркап, бирөө каза болду (сүрөт)

На русском
10:33, 12 кулжа 2019 318
жол кырсык
жол кырсык

Баракелде -  Казакстандын Алмата облусунда адам өмүрүн алган ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу «Zakon.kz» басылмасы билдирди.

Жол кырсык Алматы—Бишкек жолунун 94-чакырымындагы Самсы менен Таргап айылынын ортосунда болгон. Ошол учурда жамгыр жаап жаткан.

«Мерседес Спринтер» унаасы жүргүнчүлөр менен Жамбыл облусунан Алматага бара жаткан. Ал эми анын артынан «Тойота Камри» унаасы бара жаткан. Аларга каршы бара жаткан «Мерседес E-Класс» унаасынын айдоочусу унааны башкара албай, «Мерседес Спринтер» менен кагышкан. Катуу соккудан улам «Мерседес Спринтер» жолдун четине чыгып кеткен. Ошондой эле «Тойота Камри» унаасы дагы «Мерседес E-Класс» менен кагышкан. Соккудан улам «Мерседес E-Класс» унаасынын алдыңкы бөлүгү, кыймылдаткычы жулунуп кеткен.

Маалыматтарга караганда, жол кырсыктын кесепетинен 11 адам жаракат алды. Анын ичинен үчөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Ал эми «Мерседес Спринтер» унаасынын бир жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болгон. Жабыркагандардын арасында кагышкан үч унаанын айдоочулары дагы бар.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком