11:02, 16 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Салянова инисин өлтүрүүнү уюштурган баш кесер менен бир СИЗОдо отурат, - депутат

10:32, 12 кулжа 2019 (Жаңыланды: 10:48, кулжа 12 2019) 5274

Баракелде -  Жогорку Кеңештин бүгүн, 12-июндагы отурумунда Аида Салянованын камалышына байланышту маселе да айтылды.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов төрагага кайрылып: «Кечээ "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары СИЗО-1 мекемесине барып, экс-коллегабыз, экс-башкы прокурор Аида Салянова менен жолугушуп келдик. Салянова өзүнүн бир тууган инисин өлтүрүүнү уюштурган баш кесер менен бир СИЗОдо отуруптур.

Эки жагдай бар: Биринчиси — ушунун өзү Саляновага болгон моралдык-психологиялык басым, кыйноо деп эсептейм. Экинчиси — бардык гумандык мыйзамдарда, бардык эрежелер боюнча экс-башкы прокурорду эч качан СИЗОго камабайт. Эгерде камаганга жагдайлар болсо, анда аны УКМКнын СИЗОсуна камаш керек эле», - деди.

Улан Саляновдун өлүмү: Экинчи шектүү Москвадан алынып келди

Эл өкүлү Конституциялык соттун чечимдерин эске салды.

«Конституциялык соттун судьялар боюнча бир чечими бар, экс-президент боюнча бир чечими бар. Конституциялык соттун чечими жагабы, жакпайбы, баарыбыз аткарууга милдеттүүбүз. Эгерде укуктук мамлекет деп эсептесек. Эгерде биз укукту пир туталы, мыйзамдуулук болсун десек, анда Конституциялык соттун 2 чечимин эске алуу менен тергөө тобу Конституциялык сотко кайрылып, парламенттин макулдугу керек беле же кереги жок беле деп тактап алып туруп камашы керек болчу. Буга убагы келгенде өзүнүн баасы берилет. Бүгүн, албетте көз жумду болот.

Урматтуу төрага, Сизге жеке кайрылам. Биздин төрага катары, мамлекеттеги экинчи кызмат адамы катары тийиштүү органдарга тапшырма берип, А.Салянованын укугун коргоого, мыйзамды калыбына келтирүүгө иш аракеттерди жүргүзүңүз. Туура, көбүнө Салянова жакпайт. Бирок сөз Салянова жөнүндө эмес, кеп мыйзамдуулук жөнүндө болуп жатат. Конституциянын күчүн мыйзамдын жогорку күчүн сактоодо маселе болуп жатат», - деди А.Шыкмаматов.

-------------------------------------------

А.Салянова 4-июнга караган түнү Бишкек ШИИБге 48 саатка убактылуу киргизилген. Анын камалышы «мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу.

5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурунку башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын тандаган. Соттун чечими менен ал СИЗО-1 мекемесине 26-июнга чейин камалган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком