10:02, 23 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: Моңголиянын президенти Бишкекке учуп келди

На русском
09:32, 12 кулжа 2019 451

Баракелде -  Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда расмий сапары менен Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Моңголиянын президентин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Расмий сапарынын алкагында Халтмаагийн Баттулга президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.

Эки мамлекет башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюулары күтүлүүдө.

Халтмаагийн Баттулга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына да катышат. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.

Моңголиянын президентинин катышуусунда Моңголиянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышы өтөт. Халтмаагийн Баттулга расмий сапарынын алкагында «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине бармакчы.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком