20:54, 25 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Россиялык жигит 3 айлык баланы терезеден ыргыткан. Мигрант наристени куткарып калды

На русском
08:43, 12 кулжа 2019 1774
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Россиянын Североуральск шаарында 3 айлык наристени мигрант куткарып калды. Тажикстандын 44 жаштагы жараны терезеден кулаган наристени тосуп калган.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, окуя 6-июнда кечинде болгон. Фахрутдин Юсупов тааныштары менен дүкөндүн жанында турганда терезенин сынганын көрүп, чуркап барган. Биринчи кабаттагы терезенин кырында колуна наристени көтөргөн жаш жигит турган.

Мигрант «баланы ыргытпа, мага бер» деп кыйкырганына карабай, жигит аны уккан эмес. Фахрутдин баланы жерге түшүрбөй тосуп калып, тез жардам кызматын жана полиция чакырган.

Кийинчерээк маалым болгондой, наристенин апасы уулун таанышына таштап, өзү дүкөнгө кеткен. Ал экөө тең мас абалда болгон. Окуядан кийин наристе санитардык талаптарга жооп бербеген батирде багылып жатканы аныкталган. Учурда ал ооруканада. Ал эми баланын апасынын таанышына кылмыш иш козголуп, кармалганын Тергөө комитети билдирди. Ага адам өлтүрүүгө аракет жасоо беренеси боюнча айып тагылды.

3 айлык наристени куткарып калган адам 12 жылдан бери Североуральск шаарында жашап, курулушта иштейт.

Фахрутдин Юсупов

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком