16:36, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Сот С.Абдрахмановду мыйзамдуу шайланган төрага деп тапты»: КСДПнын билдирүүсү

На русском
19:20, 11 кулжа 2019 218

Баракелде -  КСДП партиясы бүгүн, 11-июнда Биринчи май райондук сотунун судьясы Исаева К.К.нын 7-июнда чыгарган аныктамасын алганын билдирди. Партия белгилегендей, соттук териштирүүдө күмөндөр бар.

Аныктамада Юстиция министрлигине КСДП партиясынын 2019-жылдын 3-апрелиндеги XVIII съезди тарабынан Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мыйзамдуу шайланган жаңы жетекчилигинин (төрагасы С.У. Абдрахманов жана Саясый кеңеш) кайрылууларын эске албаганда КСДПнын жетекчилиги тууралуу юридикалык жактардын Бирдиктүү реестриндеги маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилбегендиги айтылат.

« Судья К.К. Исаева тараптарды укпай туруп кандай негизде Сагынбек Абдрахмановду КСДПнын "мыйзамдуу шайланган төрагасы" деген аныктама чыгарганын түшүндүрүп бериши керек. Бул жогору жактын көрсөтмөсу боюнча жасалгандай таасир калтырат», - деди Жогорку Кеңештин депутаты — КСДПнын төрайымынын милдетин аткаруучу Асел Кодураңова.

Партия бул кадамды сот адилеттигин жаман көрсөтүү иш-аракети деп эсептейт. Анткени судья «жалган» КСДПнын (Абдрахманов С.У.) доо арызын канааттандырып, алдын ала аныктама чыгарды. Буга байланыштуу партия Соттор кеңешинин алдындагы тартиптик комиссияга судья Исаеванын иш-арактине юридикалык баа берүү боюнча кайрыла алат.

КСДПнын билдирүүсүндө: «Биздин партия тараптан 2019-жылы 28-майда Юстиция министрлигине КСДПнын жетекчилиги алмашканы тууралуу кат жөнөтүлүп, юридикалык жактардын Бирдиктүү реестрине өзгөртүү киргизүү керектиги айтылган. КСДПнын төрагасы кызматынан кеткен А.Ш.Атамбаевдин ордуна реестрге төрайымдын милдетин аткаруучу катары А.С.Кодураңова тууралуу маалымат киргизилиши керек болчу. Юстиция министрлиги 7 жумуш күн ичинде, тактап айтканда 6-июнга чейин өзгөртүү киргизиши керек болчу. Бирок министрликтин кызматкерлери мөөнөт боюнча эреже бузду», - деп айтылат.

---------------------------------------------

Юстиция министрлигине КСДПны кайра каттоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 27-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирген.

Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, УКМКга жиберилген.

---------------------------------------------

Буга чейин Кыргызстандын Юстиция министрлиги электрондук базадан Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын жетекчилигине байланыштуу маалыматтарды жаңырткан. Анда «партиянын жетекчиси» деп жазылган орунда Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абрахманов Сагынбек Үмөталиевдин ысымы жазылган. Ошондой эле юридикалык дарек дагы өзгөртүлгөн.

Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы Башкы прокуратурадан Юстиция министрлигинин сайтында Бирдиктүү мамлекеттик реестрде юридикалык тарапка өзгөртүү киргизүү фактысы боюнча иликтөө жүргүзүүнү талап кылганын жарыялаган.

Ошондой эле бул мыйзам бузууну Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык сотко чейинки өндүрүш иши башталганы тууралуу расмий түрдө кабарлоо талап кылынган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком