11:40, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстан Белоруссияга жаңы элчи жөнөтөт

На русском
15:32, 11 кулжа 2019 111

Баракелде -  Ибраимов Эрмек Султанович Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Буга чейин 28-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси кызматына Эрмек Ибраимовдун талапкерлигин жактырган болчу.

Аны тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев сунуштаган.

Буга чейин Эрмек Ибраимов Чехия, Словакия жана Польша менен Венгрияны айкалыштырган элчи болуп эмгектенген.

Буга чейин Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси болуп эмгектенип келген Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком