16:51, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
15:21, 13 бештин айы 201922 14-декабрга карата аба ырайы

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк чемпионатка даярданып жатат

На русском
21:06, 11 кулжа 2019 172
Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу Тыныбекова

Баракелде -  Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Россияда машыгып жатат. Балбан кыздар машыгууну кечээ, 10-июнда баштаганын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Айсулуу Тыныбекова менен Мадина Надирова дүйнө чемпионатына, калган балбандар жаштар арасындагы Азия чемпионатына даярданып жатышат», - деп айтылат маалыматта.

Дүйнө чемпиону 14-22-сентябрь күндөрү Казакстанда өтүп, ал жерде Токиодогу Олимпиада оюндарына жаңы лицензиялар ойнотулат. Ал эми жаштар арасындагы Азия чемпионаты Таиландда өтөт. Балбан кыздардын машыгуусу 22-июнда аяктайт.

Москвада машыгып жаткан спортчу кыздар:

55 кг чейин — Мадина Надирова

62 кг чейин — Айсулуу Тыныбекова

57 кг чейин — Нураида Анаркулова

59 кг чейин — Назира Марсбек кызы

68 кг чейин — Мээрим Жуманазарова

76 кг чейин — Айпери Медет кызы

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком