11:17, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

ШКУ саммити: Коопсуздукту камсыздоо үчүн 5 миңдей милиционер тартылат

На русском
12:14, 11 кулжа 2019 140

Баракелде -  Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммитинде ИИМдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн 5 миңден ашык милиция кызматкери жана 250 унаа тартыларын Бишкектеги маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин өткөрүү маалында Ички иштер министрлиги тарабынан коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат. Учурда иш-чараны өткөрүүдө укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо планы иштелип чыгып, күчтөр менен каражаттардын саны бекитилди.

ИИМдин жана Бишкек ШИИБдин, Чүй ОИИБдин кызматкерлери тартылып, маршруттук колонналарды, иш-чараны өткөрүү жайларын жана делегациянын жашаган жерин коргоого алышат. Саммитке байланыштуу Бишкекте жана Бишкек—«Манас» аэропорту унаа жолунда расмий делегациянын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн транспорттордун кыймылына чектөөлөр киргизилет. Делегациялар өтө турган Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагындагы такталбаган жерлерде токтотулган жана кароосуз калган унаалар эвакуацияланат.

ИИМ ушул күндөрү чет өлкөгө жана өлкөнүн башка региондоруна учуп кетүүнү жана сапар алууну көздөгөн жарандар жолдордогу тыгында калып, каттамга кечүүнү алдын алуу үчүн каттамдарды алдын ала пландап, «Манас» аэропортуна, Бишкек шаарындагы темир жол бекетине жана батыш автобекетине эртерээк барууну суранат.

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын катардагы саммити өтөт. Анда ШКУ мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну кеңейтүүгө жана бекемдөөгө тиешелүү маселелер талкууланат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком