20:52, 25 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Чүй облусуна жаңы жетекчи келди

На русском
11:08, 11 кулжа 2019 3691
Алтынбек Намазалиев
Алтынбек Намазалиев
// Turmush

Баракелде -  Өкмөттүн Чүй облусундагы жаңы өкүлү дайындалды. Бул кызматты Намазалиев Алтынбек Абдисаламович аркалайт. Ал буга чейин Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп эмгектенип келген.

Бул маалыматты өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Ашыралиев тастыктады.

Жаңы жетекчи жамаатка бүгүн, 11-июнда тааныштырылды.

--------------------------------------------------

Өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку өкүлү Абдраимов Туйгунаалы Дүйшөналиевич ээлеген кызматынан бошотулган. Өкмөттүн басма сөз кызматы ал тууралуу тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун 10-июнда билдирди.

-------------------------------------

Т.Абдраимов 5-июнда жаңжал чыккан Орок айылында журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, мамлекеттик телеканалга гана маалымат берип жатканын айткан. Ал суроолорго жооп берүүдөн баш тартканын журналист кыздын жүзү жакпай калганы менен түшүндүрүп, каткырып күлүп, басып кеткен болчу.

Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бардык жагдайлар такталгандан кийин Туйгунаалы Абдраимовдун иш-аракетине баа берүү маселесин карай турганын катчысы Адилет Султаналиев 6-июнда билдирген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком