20:49, 25 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

UFC: Валентина Шевченко 300 миң доллар менен сыйланат

На русском
17:28, 10 кулжа 2019 1941

Баракелде -  UFC 238 турниринин катышуучулары ала турган акчанын болжолдуу суммасы белгилүү болду. Кезектеги турнир кечээ, 9-июнда Американын Иллинойс штатынын Чикаго шаарында өткөн.

Турнирдин башкы беттешинде октагонго кыргызстандык Валентина Шевченко менен америкалык Жессика Ай чыкты. Жыйынтыгында Шевченко атаандашын башка тээп, нокаутка кетирип, жеңил салмактагы чемпиондук курун ийгиликтүү коргоп калды.

Иллинойс штатынын комиссиясы мушкерлердин эмгек акысы тууралуу маалыматты айткан жок. Төмөндө көрсөтүлгөн суммалар расмий эмес.

В.Шевченко жалпы 300 миң доллар (105 миң турнирге катышканы үчүн, 105 миң жеңиши үчүн, 50 миң доллар мыкты беттеш үчүн, 40 миң доллар бонус) алат. Ошондой эле атаандашы Жессика Айга 130 миң доллар берилет.

Ал эми турнирдин катышуучуларынын арасында эң көп акчаны — 440 миң долларды мушкер Генри Сехудо алат.

------------------------------------------------------

Жессика Ай беттештен кийин: «Валентина Шевченкону куттуктайм. Башка укумуштуудай сокку болду. Сени менен торго чыгууга шанс берилгени үчүн ыраазымын. Күйөрмандарыма кайрылам, сиздерге чоң рахмат. Менде баары жакшы. Тынчсызданганыңар үчүн рахмат.

Абдан жакшы машыктым, эч качан өзүмдү мындай жакшы сезген эмесмин. Бирок мен кымбатка турган ката кетирдим. Айрым учурларда беттештер абдан катаал болот, бирок өзүм ушуга жазылгам», - деген.

------------------------------------------------------

Кыргызстандык мушкер да беттеш аяктагандан кийин октагондо спорт комментатору Жо Роганго менен маектешкен болчу.

Шевченко: - Биринчиден, Жессикага беттешти кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирем. Экинчиден, анын ден соолугу үчүн тынчсызданып жатам. Бизде спорттун ушундай түрү.

Жо Роганго: - Бул соккуну даярдадың беле?

Шевченко: - Ооба, биринчи раундда денесине бут менен сокку узаттым. Ал дагы денеме тебет деп күтүп жаткан. Жессика күчтүү мушкер экенин билгем, ошондуктан бардык билгендеримди жана мыкты сапаттарымды көрсөтүүгө туура келди.

Жо Роганго: - Кийинки атаандашым деп кимди айта аласың?

Шевченко: - Мен баары менен беттешүүгө даярмын, бардык атаандашыма даярмын. Мекеним Кыргызстанга жана мени колдогондордун баарына ыраазычылык билдирем. КМШ өлкөлөрүндөгү бардык күйөрмандарыма рахмат.

------------------------------------------------------

2018-жылдын 9-декабрында Канада өлкөсүндө болгон турнирде Валентина Шевченко поляк Йоанн Еджейчикти утуп, жеңил салмактагы чемпиондук курун тагынган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком