16:28, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Америкалык дипломат мурунку аялын, андан кийин өзүн өлтүрдү

На русском
17:02, 10 кулжа 2019 1629

Баракелде -  Түбү тажикстандык 45 жаштагы Лола Гуломованын бир нече ок атылган денеси табылды. Денени 7-июнь күнү эртең менен Вашингтондун түндүк-батышында жайгашкан өзүнүн үйүнөн табышкан.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, полиция үйгө эшикти талкалап киргенде маркум аялдын мурунку жолдошу Жейсон Рифф (51 жашта) дагы өзүнүн башына ок аткан. Ал ооруканада көз жумду.

Маркумдар ушул жылдын март айында эки жолго түшкөн. Алардын 2 кызы бар. Кыздары окуя болгон күнү үйүндө болгон эмес. Ал эми мурунку жубайлар ажырашуу процессин аягына чыгаруу үчүн сотко барышмак.

Лола Гуломова жаңы 4 жылдык келишим түзүп, 2020-жылы Белградга бармак. Ал кыздарын өзү менен бирге алып кетүүнү каалап, бирок жолдошу каршы чыккан.

Мурун элдик бийлерди изилдөө менен алектенген Лола Гуломова НАСАда, Американын Москвадагы элчилигинде эмгектенип, акыркы учурда Американын соода министрлигинде эмгектенип жаткан. Ал эми жолдошу Мамлекеттик департаменттин кызматкери болчу.

Маркум жубайлар мындан 20 жыл мурун бий фестивалда таанышып, 2000-жылы баш кошушкан. Алардын улуу кызы быйыл орто мектепти аяктап жатат. Окуя болгон күнү анын бүтүрүү кечеси болмок. Бул трагедияга байланыштуу мектептин жетекчилиги майрамдык кечени башка күнгө жылдырган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком