17:24, 15 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

4 адамдан түзүлгөн топ чет элдик студенттерди тоноп жүрүшкөн. Арасында 25 жаштагы кыз бар (сүрөт)

На русском
16:47, 10 кулжа 2019 1008
Шектүүлөр
Шектүүлөр

Баракелде -  Милиция кызматкерлери тарабынан Индиянын жана Пакистандын жарандарын тоноп жүргөн шектүүлөр кармалды. Алардын арасында 25 жаштагы кыз бар экенин ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын май айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында Пакистандын жана Индиянын жарандарын карактоо жана тоноо боюнча бир нече факт катталган.

1-майда саат 21:50 чамасында белгисиз адамдар Чүй проспектисиндеги үйгө кирип, Пакистандын 1999-жылы туулган жараны К.С.га күч колдонуп, 1,6 миң долларын жана буюмдарын тартып алып, качып кетишкен. 20-майда саат 21:30 чамасында Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан үйгө 5 белгисиз адам кирген. Ал үйдө Индиянын жарандары жашайт. Алар студенттерди бычак менен коркутуп, 40 миң сом, 2 ноутбук жана 6 уюлдук телефон алып кетишкен.

Ошондой эле 29-майда саат 22:45 чамасында ушул эле шектүүлөр Абдрахманов көчөсүндөгү батирге кирип, Пакистандын жарандарына күч колдонуп, 250 доллар, 6 уюлдук телефон жана ноутбугун тартып алышкан. 2-июнда саат 21:00 чамасында Үмөталиев көчөсүндөгү батирде Индиянын жарандарын каракташкан. Шектүүлөр Индиянын 2000-жылы туулган жаранын сабап, 9 миң сом, 4 смартфон жана принтер алып кетишкен.

«3-июнда беш белгисиз адам пакистандык жарандар жашаган батирге кирип, аларды тапанча жана бычак менен коркутуп, 1,5 доллар жана бир нече уюлдук телефон тартып алышкан. Ал эми 8-июнда саат 23:15 чамасында Кант шаарында спорттук дене түзүлүштөгү төрт белгисиз адам пакистандыктар жашаган батирге кирип барып, студенттерди сабап, 2,7 миң сом жана 2 уюлдук телефонду алып кетишкен», - деп айтылат маалыматта.

Бул факттардын бардыгы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Криминалдык милиция кызматынын жана Бишкек ШИИБдин, Свердлов РИИБдин, Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмыштарга шектүүлөр кармалды. Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн баары мурда соттолгону аныкталды.

«Алар бардык кылмыштарды дыкат пландап, кол салып жатканда бет кап кийип алышкан. Өздөрүн сантехник деп тааныштырып, эшикти ачтырып, андан кийин акча, баалуу буюмдарды алып кетишкен. Тонолгон акчага эс алууну көздөшкөн, бирок бул ойлору ишке ашкан жок», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Шектүүлөр кечээ, 9-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын аймагында колго түштү.

Алар:

- Ош облусунун 1994-жылы туулган тургуну Х.Д., мурда уурулук боюнча соттолгон;

- Бишкек шаарынын 1988-жылы туулган тургуну З.Д., мурда уурулук боюнча соттолгон;

- Нарын облусунун Жумгал районунун 1996-жылы туулган тургуну А.у.А., мурда уурулук боюнча соттолгон;

- Чүй облусунун 1994-жылы туулган тургуну Т.К. (кыз киши), мурда бейбаштык боюнча соттолгон.

Учурда жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком