18:52, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Казакстанда шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг өтүүдө: Кармалган аял кан тамырын кесип салды

На русском
15:01, 10 кулжа 2019 268

Баракелде -  Бүгүн, 10-июнда Казакстандагы Алмата шаарынын «Астана» аянтында (эски аянт) президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккандарды кармап жатышат. Учурда 50дөй адам кармалганын Vlast.kz жазды.

Кармалгандардын бири — аял киши полиция кызматкерлери отургузган унаада кан тамырын кесип салган. Учурда ага медицина кызматкерлери жардам көрсөтүшүүдө.

Ал эми Нур-Султан шаарында полиция митинг өткөн жерди курчоого алганын социалдык тармактын колдонуучулары билдиришти.

---------------------------------------------------------

Кечээ, 9-июнда Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо болгон. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Касым-Жомарт Токаев 70,76% добушка ээ болду.

Казакстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаевдин айтымында, Нур-Султан жана Алмата шаарларында шайлоо күнү 500дөй адам кармалды.

---------------------------------------------------------

Казакстандагы президенттик шайлоо күнү Алмата, Нур-Султан, Шымкент шаарларында нааразычылык акциялары уюштурулганын социалдык тармактын колдонуучулары билдиришкен.

Жүздөгөн адамдар Алматанын борборунда кармалган. Полиция кызматкерлери, анын ичинде атайын даярдыктагы аскерлер нааразычылык билдирип чыккандарды кармап, автобуска салып кетишкен. Нур-Султан шаарында да чогулгандар кармалган. Ал эми Шымкентте 20дай адамды кармап кетишкен.

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюмунун изилдөөчүсү Мира Ритманн социалдык тармактагы баракчасына журналисттер өз милдеттерин аткарып жатканда, башка адамдар тынчтык митингин өткөрүү укугун пайдаланып жатканда кармалганын жазган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком