19:23, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020
18:09, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020183 Сүрөт — Ала-Бел ашуусундагы тыгын 3 саатка созулду
17:57, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020158 С.Жээнбеков менен Э.Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү
Учурда окулуп жатат
11:36, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (44 адам окуп жатат)
Уулун 5 миң долларга сатып жаткан жаш келин жана анын аяш апасы кармалды
17:54, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (13 адам окуп жатат)
Ак-Сууда ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын жашоо шарты текшерилди

С.Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

14:43, Кулжа айынын ону, 2019 119

Баракелде -  Бүгүн, 10-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын президентин кезексиз шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош Казакстандын эли үчүн бул маанилүү жана жооптуу тандоо болгонун белгиледи. С.Жээнбеков жаңы шайланган президенттин ишмердиги Казакстандын мындан аркы туруктуу жана ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдирди.

Кыргыз-казак кызматташтыгын кеңейтүү максатында Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, Бишкекте өтө турчу ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммитинин ишине катышуунун алкагында жолугушуу тууралуу сүйлөшүштү.

-------------------------------------------------------------------

Казакстандын борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз президенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыгын жарыялады.

- Касым-Жомарт Токаев - 70,76%;

- Амиржан Косанов («Ұлт тағдыры») -16,2%;

- Дания Еспаева («Ак жол» партиясы) – 5,2%;

- Толеутай Рахимбеков («Ауыл» партиясы) – 3,2 %;

- Амангелды Таспихов (Профсоюз федерациясынан) – 2,07%;

- Жамбыл Ахметбеков («Казакстандын Коммунисттик элдик партиясы) – 1,82 %;

- Сади-Бек Тугел («Ұлы дала қырандары» коомдук бирикмесинен) – 0,86%.


Кечээ, 9-июнда Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо болгон. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын добуш берүүсү жалпы 77,4 пайызды түзгөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком