00:08, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Эл артисти Нуртай Борбиев премьер-министрдин катышуусунда акыркы сапарга узатылды

На русском
12:52, 10 кулжа 2019 342

Баракелде -  Бүгүн, 10-июнда оператор, актер, режиссер Нуртай Борбиев акыркы сапарга узатылды. Акыркы сапарга узатуу иш-чарасы режиссердун чоң атасынын үйүндө өттү.

Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, кинорежиссер Болот Шамшиев, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз, «Кыргызфильмдин» директору Айбек Жангазиев жана маркумдун жакындары катышты.

Нуртай Борбиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Ал 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

-------------------------------------------------------------------------

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нуртай Борбиев 1937-жылы 15-январда Чүй облусунун Кызыл-Аскер айылында төрөлгөн. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун кинорежиссура бөлүмүн аяктаган.

1959-жылы «Кыргызфильм» студиясына кинооператордун жардамчысы болуп ишке кирген. Нуртай Борбиевдин «Манасчы», «Алай карларында», «Бакча», «Мурас», «Ак илбирстин тукуму», «Тору-Айгыр тумшугу» жана башка тасмалары кыргыз киноискусствосунун сыймыгы болуп калды. Ал талыкпай эмгектенип, кыргыз элинин эстетикалык табитинин өсүшүнө эбегейсиз зор салым кошкон.

Нуртай Борбиевдин чыгармачылыгынын туу чокусу — бул режиссер Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму» тасмасы. Бул тасма Берлин кинофестивалында тасманын көркөмдүгү жана мыкты режиссерлук иш үчүн «Күмүш аюу» сыйлыгына татыган. Бул жана башка тасмалар Нуртай Борбиевдин өнөрүнүн Кыргызстандан тышкары чыгып, дүйнөлүк киноискусстводогу баа жеткис байлык болуп калгандыгынан кабар берет.

Операторлук кесибинен тышкары, ал Геннадий Базаровдун «Көчө» аттуу тасмасында тиш доктурдун, «Саманчынын жолу» тасмасында согуштан келген жоокер Ашыралынын образын жогорку чеберчиликте жараткан.

Кыргыз улуттук кино искусствосуна сиңирген эмгеги жогору бааланып, ага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары ыйгарылып, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына жана башка сыйлыктарга ээ болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком