23:34, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Валентина Шевченконун атаандашы беттештен кийин: Укмуштуудай сокку болду

На русском
11:12, 10 кулжа 2019 357
Жессика Ай
Жессика Ай

Баракелде -  UFC мушкери — америкалык Жессика Ай Валентина Шевченкого беттеш үчүн ыраазычылык билдирди. Эки мушкер айымдын беттеши кечээ, 9-июнда Американын Иллинойс штатынын Чикаго шаарында UFC 238 турниринин алкагында өткөн.

Кыргызстандык Валентина Шевченко жеңил салмактагы чемпиондук курун ийгиликтүү коргоп калды. Ал экинчи раунддун башында атаандашын башка тээп, нокаутка кетирген.

Ал эми Жессика Ай беттештен кийин: «Валентина Шевченкону куттуктайм. Башка укумуштуудай сокку болду. Сени менен торго чыгууга шанс берилгени үчүн ыраазымын. Күйөрмандарыма кайрылам, сиздерге чоң рахмат. Менде баары жакшы. Тынчсызданганыңар үчүн рахмат.

Абдан жакшы машыктым, эч качан өзүмдү мындай жакшы сезген эмесмин. Бирок мен кымбатка турган ката кетирдим. Айрым учурларда беттештер абдан катаал болот, бирок өзүм ушуга жазылгам», - деди.

------------------------------------------------------

Кыргызстандык мушкер да беттеш аяктагандан кийин октагондо спорт комментатору Жо Роганго менен маектешкен болчу.

Шевченко: - Биринчиден, Жессикага беттешти кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирем. Экинчиден, анын ден соолугу үчүн тынчсызданып жатам. Бизде спорттун ушундай түрү.

Жо Роганго: - Бул соккуну даярдадың беле?

Шевченко: - Ооба, биринчи раундда денесине бут менен сокку узаттым. Ал дагы денеме тебет деп күтүп жаткан. Жессика күчтүү мушкер экенин билгем, ошондуктан бардык билгендеримди жана мыкты сапаттарымды көрсөтүүгө туура келди.

Жо Роганго: - Кийинки атаандашым деп кимди айта аласың?

Шевченко: - Мен баары менен беттешүүгө даярмын, бардык атаандашыма даярмын. Мекеним Кыргызстанга жана мени колдогондордун баарына ыраазычылык билдирем. КМШ өлкөлөрүндөгү бардык күйөрмандарыма рахмат.

------------------------------------------------------

Андан кийин президент Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу UFC версиясы боюнча аралаш таймаш боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону чемпиондук наамын коргоп калышы менен куттуктаган.

------------------------------------------------------

Чикагодогу кыргызстандыктар Валентина Шевченко менен жолугушкан. Бул тууралуу ырчы Сыймык Бейшекеев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген.

Чикагодо жүргөн ырчы: «Чикагодогу кафеде жалпы журтташтар, Валентина Шевченко баатыр кызыбыз менен бүгүнкү жеңиштин урматына арналып дасторкон четинде жолугушуу салтанаты болуп жатат. Дагы бир жолу жеңиш үчүн рахмат, сары кыз», - деп жазды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком