20:52, 25 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Үлпөт көйнөк кийбей, тойду 300 долларга өткөрдүк»: Украиндерге эрке келин болгон Салкындын баяны (сүрөт)

18:36, 10 кулжа 2019 9930
Салкын Ажиева жолдошу менен
Салкын Ажиева жолдошу менен

Баракелде -  29 жаштагы Салкын Ажиева украин жигиттин жүрөгүн багындырып, ага турмушка чыкты. Ал Оштогу Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында чоңойгон. Салкын жолдошу Андрей Сафронов менен кантип таанышканын жана учурдагы жашоосу тууралуу Limon.KG басылмасына айтып берди.

Бириккен Араб Эмираттарындагы беш жылдыздуу мейманкана

Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз экономикалык университетинин туризм факультетине тапшырдым. Окуу жайды бүтүргөндөн кийин дароо эле Бишкектеги мейманканалардын биринде иштеп баштадым. Ал жерде 5 жыл иштегенден кийин чет өлкөдө эмгектенүүнү чечтим. Бириккен Араб Эмираттарына иш таржымалымды (резюме) жөнөттүм, жоопту көпкө күткөн жокмун. Интернет аркылуу маектешүүдөн өтүп, Абу-Даби шаарындагы беш жылдыздуу мейманкана («Beach Rotana Abu Dhabi») менен келишим түздүм. Мени конокторду тейлөө боюнча администратор кызматына кабыл алышты. Кыргызстанда тажрыйба топтогондуктан жаңы жумушка бат эле көнүп кеттим, кыйынчылык болгон жок.

Жамаат ынтымактуу жана көп улуттуу эле. Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген адамдар менен жолугушуу — жумушумдагы артыкчылык болду. Адамдарды тейлөө тармагында иштегендер англис тилин, компьютердик программаларды жакшы өздөштүрүшү керек.

Келечектеги жолдошум менен жумушта таанышкам. Ал авиакомпанияда инженер болуп иштеп, экипаж менен бирге биздин мейманканада 3 айдан ашык жашады. Андрей конок, мен кызматкер элем. Ал мени менен сүйлөшүү үчүн Бишкекте кандай жерлер бар экенин, биздин өлкө кайсы жерде жайгашканын жана биздин маданият жөнүндө көп сурачу. Өзү жөнүндө, Украинанын маданияты тууралуу айтып берип жүрдү. БАЭде мени көпчүлүк корей же япон кызы деп ойлошчу. Андрей кыргызстандык экенимди билгенде мага сюрприз жасоону чечиптир. Жумушка торт жана «Эгемендүүлүк күнүңүз кут болсун» деген жазуу менен кошо гүл алдырып келиптир. Көпкө чейин кимден экенин биле алган жокмун. Андан кийин Андрейдин белеги экенин түшүндүм. Бул абдан күтүүсүз жана жагымдуу учур болду.

Сүйүүгө айланган мамиле

Бир күнү ал мага келип, бош убактымды кантип өткөрөрүмдү сурады. Ага эртең менен чуркай турганымды айтсам, чогуу чуркоону сунуштады. Ошентип экөөбүз эртең менен чуркап, сейилдеп келдик. Андрей абдан уялчаак, жөнөкөй адам. Чоң шаарда жөнөкөй жана ак ниет адамдарды көп жолуктурбайсың. Ал чыныгы мырза, менин баштыктарымды көтөрүп, эшик ачып берет. Тартиптүү, билимдүү жана сыпайы. Ал мактанчаак эмес.

Биз жолугуп, дос катары сүйлөшүп баштадык. Биздин жолугушууларга анча деле маани бербей жүрдүм. Анткени экөөбүз тең келишим менен иштеп, убакыт келгенде мекенибизге кайтарыбызды билчүмүн. Биздин мамиледен эч нерсе күткөн эмесмин жана экөөбүз бири-бирибизге эч кандай убада берген эмеспиз. Мен адамдарды китеп катары көрөм. Биринчи баракты ачканда эле кызыгуу пайда болсо, анда китепти окууну улантасың. Адамдар деле ушул сыяктуу. Жашоодо чоң эшик ачылып, эч качан үмүттөнбөгөн жолугушуулар болгон учурлар кездешет.

Андрей биринчи жолугушуубуздан баштап эле мен кандай болсом ошондой кабыл алды. Мен көп сүйлөсөм, ал аз сүйлөйт. Ал так илимдерди жакшы билсе, мен гуманитардык илимдерди жакшы өздөштүргөм. Бирок буга карабай, чогуу болуу бизге дайыма кызыктуу. Таанышканыбызга бир жыл болгондо экөөбүз кыз-жигит катары сүйлөшүп баштадык.

Украин жигитти таң калтырган той

Апамды жана сиңдимди Дубайга эс алууга чакырдым. Өзүм да эмгек өргүү алып, аларды аэропорттон тосуп алууну чечтим. Мени менен кошо Андрей да бар. Ал апамды кучактап, бетинен өөп тосуп алды. Мен аларды бири-бири менен тааныштырганга да жетишпей калдым. Андрей биринчи мүнөттөн баштап эле апам менен сиңдиме жакты. Биз мейманканага кийимдерибизди таштап, кечки Дубайда сейилдедик. Андрей биздин үй-бүлөнүн мүчөсүндөй эле биз менен чогуу жүрдү. Биз дүкөнгө кетсек, Андрей кечки тамак даярдап коюптур. Апам менен сиңдим кеткенден кийин экөөбүздүн мамилебиз жаңы деңгээлге чыкты.

Күзүндө сиңдим турмушка чыгып, бизди тойго чакырды. Андрей мени менен Кыргызстанга барат деп ойлогон эмесмин. Ал учурда Украинага учуп кеткен болчу. Андан кийин мага айтпай Бишкекке учуптур. Биздин чоң үй-бүлө менен таанышты, каада-салтыбыз жана улуттук ашканабыз ал үчүн кызык болду. Биринчи жолу кымыз, шорпо ичип көрдү. Сиңдимдин тоюна 300 адам чакырылган, Андрей туугандарыбыздын көптүгүнө шок болгон эле (күлүп).

Сиңдимдин үйлөнүү тоюнан кийин Ысык-Көлгө эс алууга бардык. Ал биздин берметтин кооздугуна таң калды. Ошондой эле тамак-аш арзан экенин айтып, Украинада арыктан суу акпай турганын белгиледи. Биздин жаратылышка суктанып кетти. Балким, айрым окуялар мурун эле тагдырдын китебине жазылгандыр…

Колумду Ысык-Көлдө сурады

Болочоктогу жолдошум Ысык-Көлдө күн батып бара жатканда тизелеп, колумду сурады. Бул абдан күтүүсүз болду, көзүмө жаш алып, макулдугумду бердим. Андан кийин ал Украинага, мен Абу-Дабиге учуп кеттим. Ал жаңы келишим түзүп, январь айында мейманканага келиши керек болчу. Бирок ал иштеген компанияда өзгөрүүлөр болуп, Андрей иш сапарга чыга албай калды. Биздин мамиле уланып, телефон аркылуу жазышып жүрдүк.

Бул олуттуу мамиле кургандар гана чыдай ала турган оор сыноо болду. Бирок бир чети сени күткөн адам бар болгону кандай сонун. Биз Кыргызстандын Абу-Дабидеги консулдугунда никебизди каттатууну туура көрдүк. Бишкектен тиешелүү документтерди алып келип, Андрейди 8 ай күттүм.

300 долларга өткөн той

Андрей Грузияга иш сапар менен кетип, мени Тбилисиге чакырды. Эмгек өргүү алып, учуп кеттим. Кайра кайтып келип, жумуштан бошоп, Грузияга бардым. Тиешелүү документтерди грузин тилине которуп, нике каттатууга арыз жаздык. Ошол эле күнү никебизди каттаттык. Чоң той өткөрүүгө даярданган жокпуз, ал күн биздики гана болду. Сиңдим кыргыздын салты менен турмушка чыкты. Бирок мен андай той каалаган жокмун. Түшкө чейин сулуулук салондо отуруп, ыңгайлуу кийинип, жасандым. Бул учурда Андрей келиндин гүлүн алууга кетти. Ресторанда тамактанып, Тбилисинин көчөсүндө сейилдедик. Бизди тааныбаган адамдар куттуктап, жолдошум мени көтөрүп жүрдү. Биз сүрөтчү жалдабай, үлпөт көйнөк да кийген жокмун. Бирок биздин сүйүүбүз бар. Күбө катары чакырылган эки адам бизди сүрөткө тартты (күлүп). Мындай тойдун артыкчылыгы — стресс жок жана тойго даярданам деп башыңды оорутпайсың. Биздин той 300 долларга өттү.

Апам калыңдан баш тартты

Ата-энелерибиз тойго катышпай калганына капаландык. Андрей апама калың сунуштады, бирок алар баш тартышты. Калың да, сеп да жок болду. Учурда Украинада жолдошумдун ата-энеси менен жашайм. Алардын менталитети такыр башкача. Мен эртеден кечке жаңы үй-бүлөсүнө кызмат кылган келин эмесмин. Кайын энемди апа дейм, ал абдан ак көңүл жана камкор.

Андрей инженер болуп иштеп жатат, ал эми мен өзүмдү өнүктүрүү менен алекмин. Жумушка кирүүгө виза жана жарандыгым жок болгондуктан эс алып жатам. Жолдошум узак мөөнөттүү иш сапарга чыкканда аны менен кошо барууга аракет жасайм.

Канча адам болсо, ошончо пикир бар дегендей, башкалардын пикирине көз каранды болбогула демекчимин. Өзүңөргө жана сүйүүңөргө ишенгиле.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком