21:22, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео: Казакстанда президенттик шайлоо нааразычылык менен коштолууда

На русском
17:30, 9 кулжа 2019 710

Баракелде -  Бүгүн, 9-июнда Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Муну менен катар Алмата, Нур-Султан, Шымкент шаарларында нааразычылык акциялары уюштурулганын социалдык тармактын колдонуучулары билдиришти.

Жүздөгөн адамдар Алматанын борборунда кармалды. Полиция кызматкерлери, анын ичинде атайын даярдыктагы аскерлер нааразычылык билдирип чыккандарды кармап, автобуска салып кетишкен. Нур-Султан шаарында да чогулгандар кармалды. Ал эми Шымкентте 20дай адамды кармап кетишкен.

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюмунун изилдөөчүсү Мира Ритманн социалдык тармактагы баракчасына журналисттер өз милдеттерин аткарып жатканда, башка адамдар тынчтык митингин өткөрүү укугун пайдаланып жатканда кармалганын жазды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, кармалган адамдардын саны жүзгө жетти.

Кийинчерээк Казакстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаев алар республикада тыюу салынган «Казакстандагы демократиялык шайлоо» уюмунун чакырыктары менен көчөгө чыгышканын билдирди.

Анын айтымында, акцияга жүздөгөн адам катышкан. Бирок шайлоо тилкелеринде олуттуу эреже бузуулар болгон жок.

«Мас абалдагы жаран шайлоого документи жок келиптир. Ал чыгып бара жатып урнаны тепкен», - деген чиновник аталган адам жоопкерчиликке тартыла турганын билдирди.

Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Талапкер катары 7 адам катталган, алардын арасында учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев да бар.

-----------------------------------------------------------------------

2019-жылдын 20-мартында Астана шаарында жаңы президент Касым-Жомарт Токаевдин ант берген.

Ал эми 19-мартта кечинде отставкасын жарыялаган биринчи президент Нурсултан Назарбаев: «Токаев Казакстанды башкарууга ишенип бере турган адам экендигине ынанам», - деген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком