16:23, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Рахмат, сары кыз»: Чикагодогу кыргызстандыктар В.Шевченконун жеңишин майрамдап жатышат (видео)

14:03, 9 кулжа 2019 9268

Баракелде -  UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону — кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду. Ал бүгүн, 9-июнда Чикаго шаарында америкалык атаандашы Жессики Ай менен беттешти.

Шевченко биринчи раундда таамай соккуларды узатып, экинчи раундда Айды башка тээп, нокаутка кетирди.

Учурда Чикагодогу кыргызстандыктар Валентина Шевченко менен жолугушуп жатышат. Бул тууралуу ырчы Сыймык Бейшекеев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Чикагодо жүргөн ырчы: «Чикагодогу кафеде жалпы журтташтар Валентина Шевченко баатыр кызыбыз менен бүгүнкү жеңиштин урматына арналып дасторкон четинде жолугушуу салтанаты болуп жатат. Дагы бир жолу жеңиш үчүн рахмат, сары кыз», - деп жазды.

------------------------------------------------------

Кыргызстандык мушкер беттеш аяктагандан кийин октагондо спорт комментатору Жо Роганго менен маектешти.

Шевченко: - Биринчиден, Жессикага беттешти кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирем. Экинчиден, анын ден соолугу үчүн тынчсызданып жатам. Бизде спорттун ушундай түрү.

Жо Роганго: - Бул соккуну даярдадың беле?

Шевченко: - Ооба, биринчи раундда денесине бут менен сокку узаттым. Ал дагы денеме тебет деп күтүп жаткан. Жессика күчтүү мушкер экенин билгем, ошондуктан бардык билгендеримди жана мыкты сапаттарымды көрсөтүүгө туура келди.

Жо Роганго: - Кийинки атаандашым деп кимди айта аласың?

Шевченко: - Мен баары менен беттешүүгө даярмын, бардык атаандашыма даярмын. Мекеним Кыргызстанга жана мени колдогондордун баарына ыраазычылык билдирем. КМШ өлкөлөрүндөгү бардык күйөрмандарыма рахмат.

------------------------------------------------------

Андан кийин президент Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу UFC версиясы боюнча аралаш таймаш боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону чемпиондук наамын коргоп калышы менен куттуктады.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком