03:10, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Валентина Шевченко жеңиштен кийин: Мекеним Кыргызстанга ыраазычылык билдирем (сүрөт)

На русском
12:16, 9 кулжа 2019 3478
Валентина Шевченко менен Жессика Ай
Валентина Шевченко менен Жессика Ай

Баракелде -  UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону — кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду. Ал бүгүн, 9-июнда Чикаго шаарында америкалык атаандашы Жессики Ай менен беттешти.

Шевченко биринчи раундда таамай соккуларды узатып, экинчи раундда Айды башка тээп, нокаутка кетирди. Кыргызстандык мушкер беттеш аяктагандан кийин октагондо спорт комментатору Жо Роганго менен маектешти.

Шевченко: - Биринчиден, Жессикага беттешти кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирем. Экинчиден, анын ден соолугу үчүн тынчсызданып жатам. Бизде спорттун ушундай түрү.

Жо Роганго: - Бул соккуну даярдадың беле?

Шевченко: - Ооба, биринчи раундда денесине бут менен сокку узаттым. Ал дагы денеме тебет деп күтүп жаткан. Жессика күчтүү мушкер экенин билгем, ошондуктан бардык билгендеримди жана мыкты сапаттарымды көрсөтүүгө туура келди.

Жо Роганго: - Кийинки атаандашым деп кимди айта аласың?

Шевченко: - Мен баары менен беттешүүгө даярмын, бардык атаандашыма даярмын. Мекеним Кыргызстанга жана мени колдогондордун баарына ыраазычылык билдирем. КМШ өлкөлөрүндөгү бардык күйөрмандарыма рахмат.

--------------------------------------------------------

Валентина Шевченко UFC уюмундагы мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын рейтингине кошулган.

Мушкерлердин тизмесин аталган уюмдун сайтынан көрүүгө болот. 31 жаштагы Валентина Шевченко мыкты мушкерлердин рейтингинде 14-орунду ээледи. Биринчи жолу рейтингге минималдуу салмакта америкалык Роуз Намаюнаска каршы беттешип, чемпион наамын жеңип алган Жессика Андраде (15-орун) илинген.

2018-жылдын 9-декабрында Канада өлкөсүндө болгон турнирде Валентина Шевченко поляк Йоанн Еджейчикти утуп, жеңил салмактагы чемпиондук курун тагынган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком