20:48, 25 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

UFC: Валентина Шевченко атаандашын нокаутка кетирди. Видео

На русском
10:33, 9 кулжа 2019 1528
Валентина Шевченко с поясом UFC
Валентина Шевченко с поясом UFC

Баракелде -  Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук курун коргоп калды. Бүгүн, 9-июнда Американын Иллинойс штатынын Чикаго шаарында UFC - UFC 238: Cejudo vs Moraes турнири өтүп жатат.

Биринчи раундда Шевченко америкалык атаандашы Ж.Айга таамай соккуларды узатып жатты. Экинчи раундда ал атаандашын сулата тээп, чемпиондук курун коргоп калды.

Валентина Шевченко UFC уюмундагы мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын рейтингине кошулган.

Мушкерлердин тизмесин аталган уюмдун сайтынан көрүүгө болот. 31 жаштагы Валентина Шевченко мыкты мушкерлердин рейтингинде 14-орунду ээледи. Биринчи жолу рейтингге минималдуу салмакта америкалык Роуз Намаюнаска каршы беттешип, чемпион наамын жеңип алган Жессика Андраде (15-орун) илинген.

2018-жылдын 9-декабрында Канада өлкөсүндө болгон турнирде Валентина Шевченко поляк Йоанн Еджейчикти утуп, жеңил салмактагы чемпиондук курун тагынган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком